СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 70
Боз -Адыр айылына өзгөчө кырдаалдар учурунда азык-түлүктөрдү сактоо үчүн кампа куруу максатында социалдык курулуштар үчүн бөлүнгөн жаңы участкадагы (мечиттин үстү жагы) 0,69 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар бөлумүнүн адиси Н.Чалов маалымат берди. Анда Боз-Адыр айылына өзгөчө кырдаалдар учурунда азык-түлүктөрдү сактоо үчүн кампа куруу максатында социалдык курулуштар үчүн бөлүнгөн жаңы участкадагы (мечиттин үстү жагы) 0,69 га жер тилкеси бөлүп берүүнү сураган.
Бул маселени бардык депутаттар бир добуштан колдоого алышты .Жогорудагы маселе боюнча Суу-Башы айылдык кеңеши, 2023-жылдын 28-февралындагы VII чакырылышын кезектеги ХХVI сессиясындагы протоколунун негизинде токтом кылат:
1. Боз-Адыр айылына өзгөчө кырдаалдар учурунда азык-түлүктөрдү сактоо үчүн кампа куруу максатында социалдык курулуштар үчүн бөлүнгөн жаңы участкадагы (мечиттин үстү жагы) 0,69 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин төрагасы А.Бөрүевге жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бөрүев |