СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенештин VlI чакырылышынын кезектеги XXVIсессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 71
Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылы менен Кара-Булак айылынын чектешкен чек арасынан жаңы ачылып жаткан жер тилкесин муктаж жарандарга бөлүштүрүү жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылы менен Кара-Булак айылынын чектешкен чек арасынан жаңы ачылып жаткан жер тилкесин муктаж жарандарга бөлүштүрүү жөнүндө кайрак жерлерди өздөштүрүү боюнча калктын суроо талабын канааттандыруу боюнча маалыматты окуп жана талкуулап , Суу-Башы айылдык аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылы менен Кара-Булак айылынын чектешкен чек арасынан жаңы ачылып жаткан жер тилкесин муктаж жарандарга бөлүштүрүү жөнүндө кайрак жерлерди өздөштүрүү боюнча калктын суроо талабын канааттандыруу максатында муктаж жарандардын арызын тактоо менен бир үй-бүлөгө 0,5 га дан 1 га чейин жер бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А. Бөрүевге жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бөрүев |