1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 15-январындагы №1/3
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражатынын калдыгын бекитүү жөнүндө.
2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражатынын калдыгын бекитүү жөнүндө, 1-Май Айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып чыгып депутаттардын сунуштарын эске алып, 1-Май айылдык кенешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин калдыгы 5075,8(беш миллион жети жүз элүү миң сегиз жүз)сом деп бекитилсин;
2. 1-Май айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражатынын калдыгы 287,500 (эки жүз сексен жети миң беш жүз) сом деп бекитилсин;
3. 1-Май айылдык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын калдыгын максаттуу пайдалануу жагы айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин;
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Кулуев |