Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенештин VII  чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 72

Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылынан социалдык курулуштар үчүн бөлүнгөн жер тилкесинен милициянын таяныч пунктун  куруу үчүн 0.05 га  жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылынан социалдык курулуштар үчүн бөлүнгөн жер тилкесинен милициянын таяныч пунктун куруу үчүн 0,05 га жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маалыматты окуп жана талкуулап,Суу-Башы айылдык аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы токтом кылат:

1. Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл Таш айылынан социалдык курулуштар үчүн бөлүнгөн жер тилкесинен милициянын таяныч пунктун  куруу үчүн 0,05 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин:

2. Токтомду аткаруу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А. Бөрүевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

А.Бөрүев