1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 15-январындагы №1/5
Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусунун негизинде материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” №103 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” №352 токтомунун талаптарына ылайык, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык кенешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна 5 (беш)даана заманбап боди камера, 5(беш) даана планшед жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо үчүн, 1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 800 000(сегиз жүз миң) сом акча каражаты каралсын;
2. Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьяга жайгаштыруу жана которуп берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы | М.Кулуев |