Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 229

 

Арал айыл аймагынын 2024-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-планын жана 2024-жылга белгиленген инвестициялык планын бекитүү жөнүндө

Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын Арал айыл аймагынын 2024-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары жөнүндөгү иш-планы жана 2024-жылга белгиленген инвестициялык планы боюнча маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Арал айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш- пландын долбоору бекитилсин.

2. 2024-жылга белгиленген инвестициялык план бекитилсин.

3. Белгиленген пландын аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

М.Э.Темиралиева

 

 

Арал айылдык Кеңешинин  2024-жылдын 1-февралындагы № 229-токтому менен бекитилген

№1-тиркеме

Арал айыл аймагынын 2024-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-планы

№

Иш милдеттер

Иш-аракеттер

Күтүлүүчү натыйжа

Аткаруу мөөнөтү

Каржылоо булагы

Аткарууга жооптуулар

Аткарылгандыгы же аткарылбагандыгы  тууралу маалымат

1

2

3

4

5

6

7

8

 

Экономика

1

Арал айыл аймагында жер кыртышын калбына келтирүү боюнча алманын, кара өрүктүн жашылча –жемиштердин

( малина, клубника ,ежавика) жакшы сортторун тигүү, жашылча-жемиштерди

алма бактарды өндүрүүнү колдоо

-Чарбалык жана экономикалык ишкердиктерге инвестицияларды тартуу багытында жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында иш жүргүзүү (долбоорлорду сунуштоо, ички жана тышкы долбоорлорду сунуштоо, тартуу). Дыйкан-фермерлерге жашылча-жемиштерди, алма бактарды өндүрүү боюнча маалымат берүү, окутуу семинарларын өткөрүү

 

 

 

 

Экономикалык абалга жагымдуу шарттар түзүлөт.

2024-жыл ичинде

Каржы талап кылынбайт

А.Укуева

О.Мамбеталиев

 

-Айыл өкмөтүнүн салык базаларын инвентаризациялоо, Жер Мунапысынын негизинде катталган жер участокторун азага киргизүү, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакынкы жана алыскы жайлоолордогу короо сарайлардын ордунун, тегерегиндеги жерлердин тиешелүү юридикалык документтерин тактоо, төлөмдөрү боюнча маалымат базасын түзүү боюнча иш алып баруу.

Салык базанын көлөмүн көтөрүүгө жетишилет.

2024-жыл ичинде

Каржы талап кылынбайт

Бакытбек кызы Асель

 

-Айыл аймагынын дотация деңгээлин азайтуу боюнча кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди түзкелишимдин негизинде ижарага берүүнү жүргүзүү.

Айыл аймагынын абалын жакшыртуу

2024-жыл ичинде

Каржы талап кылынбайт

Г.Изабаева, О.Мамбеталиев

 

2

Жаңы жумушчу орундарын түзүү

-Жаны ачылган (жыгачтан там куруу, 3 эс алуучу жай, тигүү цехтерин, 2 чакан соода түйүнүн ж.б.) ишкердиктердин эсебинен жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жетишүү.

Жумушсуздуктун саны кыскарат;

2024-жыл ичинде

Ишкерлердин каражаттарынын эсебинен

А.Укуева

 

 

Өнөр жай тармагы

3

Айыл өкмөтүнүн аймагында өнөр жай багытындагы жаңы ишканаларды ачууну уюштуруу.

Айыл аймагында аймагында өнөр жай багытындагы жаңы ишкердиктерди уюштурууга, кызыкдар жеке ишкерлерге каражат, долбоор, жер маселелерин чечүүгө жардам берүү ошондой эле жеке жана муниципалдык чакан ишканалардын түзүүгө жардам көрсөтүү;

Жаңы жумушчу орундар түзүлөт;

2024-жыл ичинде

 

А.Көчөрбаев,

А.Укуева

 

 

Инфратүзүмдү өнүктүрүү

4

Айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу

- Айылдагы Чыныке-Бий көчөсүн түнкү жарыктандыруу.

 

Айыл тургундарынын арыздары канааттандырылат, окуучулардын жол коопсуздугу сакталат;

2024-жыл

 

 

 

 

 

 

 

Жергиликтүү бюджет

А.Көчөрбаев

Б.Сыдыгалиев

 

- Айылдагы ички көчөлөргө кум-шагыл төгүү жана суу өтүүчү трубаларды орнотуу

 

 

 

 

 

Айыл тургундарынын арыздары канааттандырылат, окуучулардын жол коопсуздугу сакталат;

 

 

2024-жыл

Жергиликтүү  бюджет

А.Көчөрбаев

Б.Сыдыгалиев

 

Жаны түшкөн көчөлөргө суу түтүктөрүн тартуу, электр карагайларын орнотуу.

Айыл тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылат

2024-жыл

 

 

 

 

 

 

Жергиликтүү бюджет

А.Көчөрбаев

 

-К.Сейдакматов көчөсүнө асфальт төшөө

Негизги трассанын инфраструктурасы оңолот

2024-жыл

 

 

 

 

 

 

 

 

 

А.Көчөрбаев

 

 

 

 

-Көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин улантуу.

Жашылдандыруу боюнча белгиленген иш-чара аткарылат

 

 

 

2024-жыл

Жергиликтүү  бюджет

А.Көчөрбаев

 

Жаңы парк куруу

Айылдын инфраструктурасы оңолот

2024-жыл

Талас райондук өнүктүрүү фондусу

А.Көчөрбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл чарба тармагы

5

Айыл аймагынын айыл чарбасын механизация-лаштыруу

1. “Арал-Ынтымагы” ишканасын жаңы айыл чарба техникалары менен толуктоо

Дыйкандарга эгиндин түшүмүн убагында жыйнап алууга шарт түзүлөт.

2024-жыл

Жергиликтүү  бюджет

 

 

А.Көчөрбаев

 

 

6

Айыл аймагында сүттү кайра иштетүүнү, эт жумуртка багытындагы тоокторду, эт багытындагы индуктарды өстүрүү, бал челектерди көбөйтүү жана жыгачтан үй куруу ишкерликтерин өнүктүрүүнү колго алуу

-Айыл аймагында жумуртка багытындагы тоокторду багуу ,жыгачтан үй куруу жана сүттү кайра иштетүү ишканасын мындан ары кеңейишине жардам көрсөтүү;

Жаны жумушчу орундар түзүлөт.

2024-жыл ичинде

Ишкерлердин каражаттарынын эсебинен

Н.Осмонкулова,

Э.Үмөтов, А.Шамбеталиев жана жеке ишкерлер

 

7

Кодол коктуга суу топтоочу жай куруу

Демөөрчүлөрдү издөө , Талас райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор жазуу

Чоң-Боз участкасындагы 100 гектардан ашык аянт суу менен камсыз болот

2024-жыл ичинде

Талас райондук өнүктүрүү фондусунун каржылоосунда

А.Көчөрбаев, А.Турсуналиев

 

8

Айыл аймагында ирригациялык системалардын абалдарын жакшыртуу.

“Андаш” чарбалар аралык каналынын аягына чейин бетондоо жана башка ремонт иштерин жүргүзүү. “Андашсуу” СПА на тиешелүү аралыктагы лоток арыктарын туура суулардын арыктарын жана ички арыктарды ремонттоо

 

Дыйкандар сугат суу менен камсыз болушат.

Пайдаланылбай жаткан жерлер сугат жерлерине айланат

 

 

 

2024-жыл ичинде

 

 

 

 

 

 

 

Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттен

 

 

 

А.Көчөрбаев

М.Матаев

 

 

 

 

 

 

9

Андаш каналынын Кодол коктусунан кийинки аралыгына 600 метр Лоток орнотуу.

Долбоор жазуу, демөөрчүлөрдү издөө

Сууну коромжусуз пайдалануу болот

2024-жыл

Талас суу чарба башкармалыгы ,демөөрчүлөр

А.Көчөрбаев

 

 

10

Каракол жайлоосуна кеткен жолду капиталдык ремонттон өткөрүү

Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоордун негизинде

Жайыт пайдалануучулардын суроо-талаптары аткарылат

2024-жыл

Талас райондук өнүктүрүү фонду

А.Көчөрбаев

 

 

 

Билим берүү тармагы

10

Билим берүү тармагынын шарттарын жакшыртуу.

-Арал айыл аймагындагы К.Нанаев орто мектебинин жаңы имаратынын тегерегин темир тосмолор менен курчоо

Мектеп окуучуларына жана мугалимдерге ынгайлуу шарттар түзүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2024-жыл ичинде

Дем берүүчү (үлүштүк) грант

А.Көчөрбаев

 

11

М.Сейталиев атындагы орто мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоо

Тендерден утуп алган курулуш фирмасынын тоскоолдуксуз курулуш иштерин жүргүзүүсүнө шарт түзүү.

Мектеп окуучуларына талапка ылайык билим алуусуна шарт түзүлөт.

2024-жыл ичинде

 

(Талас өнүктүрүү фондусу)

А.Көчөрбаев

 

 

12

Айылга жаңы типтеги 50 орундуу бала бакча куруу залын куруу

Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо

Мектепке чейинки билим берүүнү өркүндөтүү

2024-жыл ичинде

 

Жергиликтүү  бюджеттен

А.Көчөрбаев

 

13

Айыл аймагын социалдык жактан өнүктүрүү.

-Айыл аймагындагы Үмөт Молдо атындагы бала бакчасына айыл өкмөтү тарабынан көмөкчү чарба уюштуруу жана көрктөндүрүп жашылдандырууга бөлүнүп берилген 0,80 жерди тегерегин курчоо

 

Бала бакчанын өзүн өзү каржылоосуна шарт түзүлөт

2024-жыл ичинде

Түзүлгөн сметага жараша

А.Көчөрбаев

Г.Изабаева

 

-Жаны типтүү бала бакча куруу

Мектеп жашына чейинки балдарга татыктуу тарбия

2024-жыл

Кайрымдуулук фонду жана республикалык бюджет

А.Көчөрбаев

 

 

Маданият жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү

 15

Маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү.

- А.Медетов атындагы маданият үйүнүн материалдык техникалык базасын чыңдоо жана керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу

 

 

 

Калктын маданияттуулугун жогорулатуу, элдин суроо-талабын аткаруу;

2024-жыл ичинде

Талас  райондук  өнүктүрүү  фондусу

А.Көчөрбаев

 

-Айыл аймагында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу боюнча белгиленген иш- чараларга катышууну уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп, мекеме-уюмдар менен бирдикте иш-чараларды уюштуруу;

 

 

 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жетишилет.

Жаштар арасында маданий, тарыхий баалуулуктарды сактоого, барктоого жетишилет

 

2024-жыл ичинде иш- чарага ылайык;

Жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн сметага жараша

К.Ибраимова

 

- Санарип телеберүү үчүн сапаттуу каналдарды кошуу. (кошумча 15 канал) сметалык баасы 1 500 000. Долбоор аркылуу.

Айыл тургундарынын суроо-талаптары аткарылат.

 

2024-жыл ичинде

 

 

 

 

 

 

 

 

 

;

 

 

 

 

 

Талас райондук өнүктүрүү фонду аркылуу

 

Э.Казыбеков,

А.Көчөрбаев

 

 

 

Социалдык жактан кам көрүү

16

Калкка социалдык жактан кам көрүү.

-Айыл аймагында жакыр үй-бүлөлөргө ачылган социалдык паспорттордун негизинде иш алып баруу.

 

 

 

 

Жардамга муктаж 303 үй-бүлөлөргө, жакырчылыктан чыгууга өбөлгө түзүлөт;

2024-жыл ичинде

Каржы талап кылынбайт

Г.Райымбердиева

 

- Айыл аймагында жардамга муктаж кары адамдарга даректүү жардам берүү;

 

 

 

Кары адамдарга көнүл бурулат;

2024-жыл ичинде

жергиликтүү бюджеттен

А. Турсуналиев

 

- Айыл аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургундарына ар тараптуу даректүү жардам көрсөтүү;

 

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар тараптуу көнүл бурулат

2024-жыл ичинде

жергиликтүү бюджеттен

Г.Райымбердиева

А. Турсуналиев

 

17

Жаш өспүрүмдөргө социалдык жактан кам көрүү.

-Аз камсыз үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдарды чектөөнүн даректүүлүгүн күчөтүү жана айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин жандандыруу; Соц. контрактын негизинде кайтарымсыз 100 миң сом олчөмундо жардам алган аз камсыз үй-бүлөлөр менен иш алып баруу

 

 

Мамлекеттик каражаттар үнөмдүү пайдаланылат.

2024-жыл ичинде

Каржы талап кылынбайт

Г.Райымбердиева

 

А. Турсуналиев

 

18

Диний агымдардын иш аракеттерин көзөмөлгө алуу.

-Укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте айылдарда диний экстремисттик уюмдардын террордук багыттагы иш-аракеттердин алдын-алуу, прозелиттерди жерге берүүдөгү көйгөйлүү маселелерди болтурбоо боюнча иш аракеттерди жүргүзүү.

Диний агымдардын иш аракеттери көзөмөлгө алынат.

2024-жыл ичинде

Каржы талап кылынбайт

Н.Жекшеналиева

 

-“2022-2026-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын” ишке ашыруу боюнча уюштуруучулук иштерди жүргүзүү.

Мамлекеттик саясат ишке ашырылат.

2024-жыл ичинде

Каржы талап кылынбайт

Н.Жекшеналиева

 

19

Кылмыштуулукту азайтуу багытында иш алып баруу.

- Айылдык коомдук алдын алуу борборунун ишин жандандыруу максатында КААБ кабинет бөлүү, коомдук уюмдардын жана мектептер менен бирдикте жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, суициддин жана эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн иш-чараларды уюштуруу; Бузуулар боюнча Типтүү Жобонун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу

Кылмыштуулукту азайтууга жетишилет.

2024-жыл ичинде

Жергиликтүү бюджеттен

Н.Жекшеналиева,

Г.Жаналиева, айыл өкмөтүнүн алдындагы Бузуулар боюнча комиссия.