АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын
2024-жылдын 1-февралы № 230
Мекеме-уюмдардын кайрылуусун кароо жөнүндө
Айыл аймагындагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жетекчисинин кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан кайрылуу жарым-жартылай канааттандырылсын.
2. К.Нанаев атындагы Арал орто мектебине окуучулардын бут кийимдерин коюуучу шкаф алууга 250 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төраганын орун басары |
| М.Э.Темиралиева |