КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 707
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл аймагындагы Кочкор-Эпкин альтернативдик жолун куруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-статьяларына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 14-октябрындагы № 01-17/2399 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 10-октябрындагы № 304 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик муктаждыктар үчүн мамлекеттик менчикке жер участокторун сатуу-сатып алуу келишимдеринин негизинде жарандардын жер үлүштөрүнөн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан сатып алынган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын Теңдик айылынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 2,15 га, анын ичинен № 273 контурдагы 0,53 га жана № 292 контурдагы 1,62 га сугат айдоо жерлер Кочкор-Эпкин альтернативдик жолун куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |