Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 74

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин сунушун угуу жана иштерин жөнгө салуу жөнүндө

Суу-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Гыламидин Караматовдун сунушун угуу жана иштерин жөнгө салуу жөнүндө сунуштамасын окуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VlI чакырылышынын кезексиз  XXVII сессиясы токтом кылат:

1. Суу-Башы айыл аймагындагы жайыттарында багылуучу ийри мүйүздүү жана кой эчкилер вакциналарды алуусу ( оспа, чума, реф-1, кара сан, ящур, шт-19) жана жайыт акысын төлөөсү мал ээлерине жүктөлсүн.

 

2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыттарына жайыт мезгилинде малдарды жайытка айдоодо төмөнкүдөй төлөм өлчөмдөрү бекитилсин:

1. Бир баш ийри мүйүздүү малга-150 сом

2. Бир баш музоого - 100 сом

3. Бир баш эчкиге- 30 сом

4. Бир баш козу улактарга - 20 сом

5. Бир баш жылкы үчүн - 200 сом

6. Бир баш кулун үчүн 125 сом

3. Жайытка чыккан малдарга 10 күндөн ашык болсо төлөм акысын толук төлөшсүн.

4.Мал караган малчылар ийри мүйүздүү, майда мал жандыктарын (кой,эчки) кабыл алуу мезгилинде ветеринардык “форма 1-а” тактамасын жана жайыт тактамасын мал ээсинен гана алууга тийиш. “Форма 1-а” тактамасы жана жайыт тактамасы жок малдарды кабыл албоо жагы койчуларга милдеттендирилсин.

5. “Форма 1-а” жана жайыт тактамасы жок малдарды кабыл алган койчуларга бир баш ийри мүйүздүү малга 5000 (беш миң) сом, ал эми бир баш майда мал (кой, эчки) үчүн 1000 (миң) сом айып пул салынсын.

6. Өзбекстан Республикасы жана башка аймактан келген ийри мүйүздүү жана майда малдар (кой, эчки) Суу-Башы айыл аймагынын жайыттарына киргизилбесин. Эгерде киргилсе киргизген тарапка 5000 (беш миң) сом айып пул салынсын.

7. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Г.Караматовго жүктөлсүн.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрага:

 

А.Бөрүев