КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2024-жылдын 2-февралы №18-2
“Жайыт комитетинин ишмердүүлүгү”жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Мамытовдун 2023-жылдын бюджетинин аткарылышынын негизинде, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтомунун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылдагы иш аракети канааттандырарлык деп баалансын.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |