Редакцияот 02.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын

 

2024-жылдын 2-февралы №18-4

 

“Тыт дарактарынын ижара өлчөмдөрү жөнүндө”

      

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/81 31-январь 2024-жылдагы катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

                                                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги бак-дарак, анын ичинен тыт дарагынын 1 (бир) даана түбүнө ижара акысы 2024-жылдан тартып 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.     Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

3.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

         

Төрага:      

Т. Джороев