КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2024-жылдын 2-февралы №18-6
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында кирпич чыгаруучу завод куруу жана жер аянтын трансформациялоо”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12,13,15-беренелерине, Кыргыз Республикасынын №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/83 01-февраль 2024-жылдагы кайрылуу катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Осумбек-Булак участкасындагы №404 контурундагы 8,0 жер аянты жана №1897 контурундагы 2,0 га жер аянттарына “Айыл чарба жерлери багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыштын, коргоонунун жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Которулган жер аянттарына кирпич чыгаруучу завод куруу үчүн макулдук берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн жана мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
4.Бул токтом www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |