СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 79
Суу-Башы айыл өкмөтүндө түзүлгөн “Асылзат” шайыр апалар тобунун жетекчиси Топчубаева Бурмагүлдүн билдирүүсүн кароо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүндө түзүлгөн “Асылзат” шайыр апалар тобунун жетекчиси Топчубаева Бурмагүлдүн билдирүүсүн карап чыгып 2023-жылдын 13-апрелиндеги билдирүүсүнүн негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комитетинин мүчөлөрү, жалпы депутаттар билдирүүнү жана бюджет комитетинин торогасынын пикирин угуп талкууга алып, Суу-Башы айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактап айтканда 2215 беренесинен КААБка бөлүнгөн 40(кырк миӊ)сом акча каражатынан Суу-Башы айыл аймагынын ар бир айылдарында аялдар кеӊешинин иш чараларын өткөрүүгө 20(жыйырма миӊ)сом акча каражатын бөлуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго жана айылдык кеңештин төрагасы А.Бөрүевге тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Бөрүев |