КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2024-жылдын 2-февралы №18-7
“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16 01-февраль 2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 4, 13, 15, 25-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы Д. Кемпирбаев көчөсүндөгү №3-05-07-1013-0929 сыр белгисиндеги эски мечит ээлеген 0,07 га жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |