Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 234

 

Г.Райымбердиеванын кайрылуусун кароо

Айыл тургуну аз камсыз үй-бүлө мүчөсү Ибраимов Умардын аталыгын аныктоо үчүн ата-энесин алып барууга жана жаңы күбөлүк алууга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү соц. адис Г.Райымбердиеванын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айыл өкмөтүнүн соц. адисинин милдеттин аткаруучу Г.Райымбердиеванын кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Ибраимов Умардын аталыгын аныктоого жана жаңы күбөлүк алууга жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төраганын орун  басары

 

М.Э.Темиралиева