Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 235

Айыл  тургундарынын арыздарын  кароо

Айыл тургундарынын жана мекеме-уюмдардын арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бюджеттин тартышытыгынан төмөндөгү айыл тургундарынын жана мекеме-уюмдардын арыздары бюджеттин аткарылышынын 6 айынын жыйынтыгы менен акча каражаты каралсын. Алар:

Талас РИИБдин Чат-Базар АМБнуну ККК МАЫӨлү Милициянын улук лейтенанты Куштарбек уулу Мараттын күйүучү май үчүн 35000 миң сом, жаңы талаптарга жооп берген толук комплектиси менен орг. техника жана айылдын чыгыш тарабына видео көзөмөл орнотууга акча каржатын кароо;

К.Нанаев атындагы Арал орто мектебине кылмыштардын, жоруктардын алдын алуу жана мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн кооптуу сигналдарын орнотуп берүү жөнүндө;

Айыл тургундары Рыскулов Бакыт жана Мырзалиев Нурлан айыл өкмөтүнүн тракторлоуна дөнгөлөк алууга 150 миң сомдон акча каражатын болүп берүү жөнүндө;

М.Сейталиев орто мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө;

К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин терезеге жалюздар, контейнерлер жана коридордун жасалгасына акча каржатын бөлүү жөнүндө;

2. Токтомдун аткарылышы Айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясынан суралсын.

 

 

Төраганын орун  басары

 

М.Э.Темиралиева