Редакцияот 27.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бириккен Үч-Коргон айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 27-февралы № 1

Бириккен  Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

 

            

              “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып, 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

             1. Бириккен  Үч-Коргон  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протокол бекитилсин.

 

2. Үч-Коргон бириккен айыл аймагынын айылдык кеңешинин  Юрсунов Бахтиер Юрсунович шайланган төрагасы деп таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага

Б.Юрсунов