Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бириккен Үч-Коргон айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 27-февралы № 1/3

Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларына колдонулуучу К-3 коэффицентин бекитүү жөнүндө.

                                                                                                                   

         “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” №339-статьясынын 4-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн үгүп жана талкуулап  Бириккен Үч-Коргон айылдык кеңеши

   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     2024-жылга Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган  жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын диференциялоо үчүн колдонуучу   К-3 экономикалык баалоо коэффицентин төлөө төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

№

п/п

Салык толоочу физикалык жана юридикалык жактардын

Аттары, дареги.

К-З Коэффицент

1.      

Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тамарка салыгы боюнча Салык Кодексинин №341-беренесинин 3-пунктуна ылайык төмөнкү формула Н=С*П*Кз боюнча эсептелинет

1.

2.      

Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме ишканалар жана кен байлыктарынан (карьерлер) пайдалануучу ишканалар Салык Кодексинин №341-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнкү формула Н=С*Ки*Кз*Кк боюнча эсептелинет

2.

3.      

Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык соода түюндөр, коомдук тамактануу жайлары, АЗС, СТО, аптека, элди тейлоочу жана башка ишканалар Салык Кодексинин №341-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнкү формула Н=С*Ки*Кз*Кк боюнча эсептелинет.

2.

 

 

 

 

2.      Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айыл кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б.Юрсунов