Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көтөрмө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIV- сессиясы

 

2024-жылдын 16-февралы № 34/2

Кескен-Таш айылындагы А. Жапаровага  берилген 10 га жер аянтынын иш кагаздарынын  мыйзамдуулугун кароо боюнча комиссиянын корутундусу жөнүндө.

          Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Кескен-Таш айылындагы А. Жапаровага берилген 10 га жер аянтынын иш кагаздарынын  мыйзамдуулугун кароо боюнча комиссиянын корутундусуна негиз Көтөрмо айылдык Кенешинин сессиясы

                                                           Токтом кылат:

  1. Көтөрмө айыл өкмөтү тарабынан 1996-жылдын 4-ноябрында А. Жапаровага 10-жылдык мөөнөт менен берилген Кескен-Таш айылындагы 10 га жен аянты, 2006-жылдын 20-февралында каттоо №148, айыл өкмөтү тарабынан ижара мөөнөтү 49 жылга узартылып, эки тараптуу келишим түзүүдө, 9,58 га болуп көрсөтүлүп, жер аянты 0,42 гектарга азайтылып жазылгандыгы мыйзамга дал келбегендиги белгиленсин.
  2. А. Жапарова жерди фермердик чарба уюштуруу максатында алып, фермердик чарба уюштурбай, элдин каттаган жолун ижарага алынган жердин ичине киргизип, мурдагы жолду өз тамаркасына киргизип алгандыгы белгиленсин.
  3. Жогорудагылардын негизинде А. Жапарова менен Көтөрмө айыл өкмөтүнүн ортосундагы 9, 58 га жерди 49 жылга ижарага берүү келишимин мыйзам чегинде жокко чыгаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бактыбаев