Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын

 

2024-жылдын 12-февралы №17/1

 

2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чарасынын аткарылышы жөнүндө

 

       2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чарасынын жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновдун отчётуна негиз 2023-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чараларын аткарууда бир топ иш-аракеттер жүргүзүлдү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Дөң-Кыштак участкасына жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө 234,8 миң сомго, Жардуу-Колот айылында сел өтүүчү каналга автоунаа өтүүчү 3 даана көпүрө 1305,0 миң сомго, Беш-Коргон айылында жөө адамдар өтүүчү 4 даана көпүрө 777,7 миң сомго курулуп пайдаланууга берилди. Ошондой эле, Барпы каналын оңдоп-түзөө долбооруна, 14386,0 миң сомго келишим түзүлүп азыркы күндѳ жумуш жүрүп жатат. Учурда аткаруучу тараптын аткарылган жумуштар боюнча актысына негиз жасалаган жумуштардын көлөмү 60 % аткарылып бүткѳн, ишти жыйынтыктоо кыш мезгилиндеги аба-ырайынын катаал шартына байланыштуу 2024-жылдын жаз мезгилине каралган. Ак-Дөбө айылындагы Б.Төкөев көчөсүнө тротуар куруу жана лоток орнотуу долбооруна шаардык мэриянын бюджетинен, 2800,0 миң сом сом жана областык ѳнүктүрүү фондунан 6354,0 миң сом акча каражаты каралып, жалпы сумма 10231,0 миң сомду түзүп, тендердик конкурстун негизинде 9154,0 миң сомго “Аксы-строй сервис” Ж.Ч.К.сы жеңүүчү деп табылып, иш аткаруу, жалпы 50-60 пайыздык көрсөткүчкө келип турат жана 2024-жылдын жаз мезгилинде уланат. Дөң-Кыштак айылына, жалпы узундугу 1 км. 186 метр тротуар куруу долбоору 3053,0 миң сомго аткарылып пайдаланууга берилген. Кербен шаарынын карамагындагы № 49 “Ынтымак” орто мектебинин аймагына спорт зал курууга жалпы 15800,0 миң сом каражаты каралып, азыркы күндѳ 11000,0 миң сомдук жумуш аткарылып жумуш жүрүп жатат. Кербен шаарынын, Ныязалы жана Достук көчөлөрүнө тротуар куруу долбоору 4999,0 миң сомго келишим түзүлүп азыркы күндѳ жумуш жалпы 80% га аткарылды, аткаруучу тараптын аба ырайынын катаал шартын белгилеп сураныч иретиндеги жазган катына негиз, иш жыйынтыктоо жагы 2024-жылдын май айларына калтырылган. № 6 “Ак-Куу” мектепке чейинки билим берүү уюмунун, жанындагы “Цефей” жаштар (мектеби) борборунун имараты баалочунун (оценщик независимый) жыйынтыгы менен 4300,0 миң сомго

бааланып, шаардык мэриянын балансына сатылып алынды. Демөөрчүлөр тарабынан ремонт иштери жүргүзүлүп, бала бакча шартына ыңгайлаштырылып, ишке берилди. Долбоордун жыйынтыгында, 2 тайпалуу бала бакча ачылды.

Кербен шаарынын мэриясына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына 1000,0 миң акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилип, учурдагы ремонттоо иштери жана уюмдардын кайрылууларына ылайык жумуштар толугу менен аткарылган.

Ошондой эле мэр бюджеттин киреше булактарын жогорулатууда көптөгөн ички резервдерди пайдалана алган жок. Жергиликтүү салыктарды көтөрүү боюнча кошумча иш чараларды иштеп чыккан эмес.

2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү иш чарасынын планын толугу менен аткара албагандыктан 18555.1 сумма калдык болуп калды.

Шаардык Кеӊештин токтомдорун аткаруу жана каттар менен иштөө маселеси начар жолго коюлган. Шаардык Кеӊештин токтомдорун турмушка ашыруу боюнча иш чаралар туура, так өз учурунда жүргүзүлбөйт.

Мэрия мындан ары көптөгөн ички резервдерди пайдалануу менен социалдык экономикалык иш чараларды элибиздин бакубат жашоосуна багыттосу зарыл.

Жогорудагы маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

                                                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасынын аткарылышы боюнча Кербен шаарынын мэриясынын отчёту канааттандырарлык,- деп эсептелсин.
  2. Депутаттык суроо талаптарды аткарууда өз милдеттерин так аткара албаган адистердин кызмат абалдарын кароо жагы Кербен шаарынын мэрине сунушталсын.
  3. 2023-жылдын Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш- чарасын аткарууда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрсүн жана аткарылышы боюнча 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен отчёт берсин.
  4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.

 

                                

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы:

 

Ж.Омуралиев

 

 

 

 

 

 

   

Тиркеме

Кербен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 12-февралындагы №17/1 токтому менен бекитилген

 

2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык онуктуруу

ИШ  ЧАРАСЫнын  аткарылышы

К/     №

 

Керектелуучу финансалык  каражат (мин.сом)

Каражат булагы

Аткаруу мооноту

Кутулуучу жыйынтык

Жооптуулар

Аткарылышы

 

I

ОНОР - ЖАЙ, КУРУЛУШ

 

 

 

 

 

    

 

1

Дөн-Кыштак айылынын Эргешов, Шадыбеков, Токтогул көчөлөрүнүн көпүрөнү куруу

350,0

Мэрия

Жыл ичинде

Шаардын инфраструктурасы которулот жана шаардыктардын коопсуздугуна кам көрүү

 Мэрия менен биргеликте                     Б. Парпиев

Дөн-Кыштак айылынын Эргешов, Шадыбеков, Токтогул көчөлөрүнүн көпүрөнү 234813 сомго толугу менен аткарылды.

 

 

Бардыгы:

350,0

 

 

 

 

 

 

II

КОММУНАЛДЫК ТЕЙЛОО

 

 

 

 

 

 

 

2

Муниципалдык менчиктерге мамлекеттик акт алууга жана жасалган проектилерге АПУ, ТС, ПСД туздурууго

1000,0

Мэрия

Жыл ичинде

Муниципалдык менчиктерге мамлекеттик акт алууга ынгайлуу шарт тузуу

 Мэрия менен биргеликте   С.Апсаматов                   

Муниципалдык менчиктеги объектилерге каттоо гос акт алууга жана технадзорго 1129949 сом, Архитектурага АПУ, ТС жасатууга-508287 сом сарпталды жана 6 объектинин ПСДсын туздурууго 526000 мин сомго конкурс жарыяланып аткарууга алынды.

 

3

Беш-Коргон айылына труба орнотуу (200 диаметр-5даана, 300 диаметр-5 даана, 500 диаметр-5 даана, 600 диаметр-4 )даана

300,0

Мэрия

Жыл ичинде

Шаардыктардын жашоосуна шарт түзүү

 Мэрия менен биргеликте                     А.Аккулиев

Беш-Коргон айылына трубалар алынды 280410 сомго.

 

4

Кербен тазалык ишканасына колдоо корсотуп ар бир адамга (29) сомдон болуп беруу максатында 7 айга болунду

4263,0

Мэрия

Жыл ичинде

Шаар тургундара ынгайлуу шарт түзүлөт

Мэрия менен биргеликте айыл башчылар

Кербен тазалык ишканасына колдоо корсотуп ар бир адамга (29) сомдон болуп беруу максатында 12 айга 7308000 сом жана Кербен таза сууга 1200000 сом толугу менен аткарылды.

 

5

Муниципалдык заказдарга жана жаны жылга ёлканы жасалгалоого

3580,0

Мэрия

Жыл ичинде

Шаар тургундара ынгайлуу шарт түзүлөт

Мэрия менен биргеликте айыл башчылар

Муниципалдык заказдарга 4796814 сом которулуп берилди.

 

 

Бардыгы:

9143,0

 

 

 

 

 

 

III

АЙЫЛ - ЧАРБАСЫ

 

 

 

 

 

 

 

6

Табигат кырсыктарын жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иш алып баруу (Эпид фонд)

400,0

Мэрия

Жыл ичинде

Шаардагы табигат кырсыктар жана жугуштуу оорулар алдын алынат.

А.Биймырзаев   С.Апсаматов

Ак-Добо жана Жетиген айылдарындагы каналдарын тазалоо жумушуна 400,0 мин сом акча каражаты чыгымдалып жумуш буто элек.

 

 

Бардыгы:

400,0

 

 

 

 

 

 

IV

МАДАНИЯТ 

 

 

 

 

 

 

 

7

Даталуу күндөрдү өткөрүүгө айыл эли жана тийиштүү мекеме уюмдар менен иш алып баруу

1200,0

Мэрия

Жыл ичинде

Даталуу күндөрдү өткөрүүгө ынгайлуу шарт тузулот

Абдыкаар  уулу Н

Даталуу күндөрдү өткөрүүгө айыл эли жана тийиштүү мекеме уюмдар менен иш алып баруу жагы толугу менен аткарылды.

 

8

Мэриянын кенсесинин ички бөлмөлөрүн мебелдерин камсыз кылууга жана жарнама тактайчаларын жаңылоого жана айнектерге жалюзи алууга.

400,0

Мэрия

Жыл ичинде

Муниспалдык кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Сагынбек  уулу С

Мэриянын кенсесинин ички бөлмөлөрүн мебелдерин камсыз кылууга жана жарнама тактайчаларын жаңылоого жана айнектерге жалюзи алынды.

 

9

Уран-чакырыктарды, накыл создорду жаздыруу, илуу жана жанылоо

50,0

Мэрия

Жыл ичинде

Муниспалдык кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Сагынбек  уулу С

Уран-чакырыктарды, накыл создорду жаздыруу, илуу жана жанылоого 36500 сом жумшалды.

 

10

Ардагерлер кеңешине Алай районундагы эс алуу жайларына 20 эмгек ардагерлери 2-3 күндүк саякатка барууга

50,0

Мэрия

Жыл ичинде

Ардагерлер кенешине ынгайлуу шарт тузулот

Сатаев Э.

Ардагерлер кеңешине Алай районундагы эс алуу жайларына 20 эмгек ардагерлери 2-3 күндүк саякатка барып келишти 50,0 мин сом сарпталды.

 

11

Мэрияга канцелярдык товарларды алууга

300,0

Мэрия

Жыл ичинде

Муниципалдык кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Сагынбек  уулу С

Мэрияга канцелярдык товарларды алууга 300000 мин толугу менен аткарылды

 

12

Шайыр апаларды колдоого

100,0

Мэрия

Жыл ичинде

Шайыр апаларга ынгайлуу шарт тузулот

Сагынбек  уулу С

Шайыр апаларды колдоо корсотулду

 

13

Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын асоссациясына Кербен шаарынын жалпы мучолук акысын каржылоого

50,0

Мэрия

Жыл ичинде

Мучолук акыны каржылоого шарт тузулот

Абдыкаар  уулу Н.

Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын асоссациясына Кербен шаарынын жалпы мучолук акысын 50000 мин которуп берилди.

 

14

Аксакалдар сотуна материалдык колдоо катары квартал сайын камсыздоо иеретинде.

80,0

Мэрия

Жыл ичинде

Аксакалдар сотунун мучолоруно ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Жумабаев Ж.

Аксакалдар сотуна материалдык колдоо катары квартал сайын камсыздоо иретинде 80,0 мин сом сарпталды.

 

15

Кербен шаардык Кенешинин ардак грамоталарга жана тийиштуу муктаждыктарын камсыздоого

50,0

Мэрия

Жыл ичинде

Муниспалдык кызматкерлерге жана депутаттарга шарт түзүлөт.

Сагынбек  уулу С

Кербен шаардык Кенешинин ардак грамоталарга жана тийиштуу муктаждыктарын камсыздоого аткарылган жок.

 

16

Муниципалдык кызматкерлерди 27.10.2021-жылдагы №125 сандуу мыйзамына негиз окуу курстарына тажрыйба алмашууга баруу учун каржылоого.

500,0

Мэрия

Жыл ичинде

Муниципалдык кызматкерлерге башка шаарларга окуу курстарына барып тажрыйба алуусуна ынгайлуу шарт тузулот.

Д.Алиев, А.Шамырзаева

 

 

 

Бардыгы:

2780,0

 

 

 

 

 

 

V

СПОРТ

 

 

 

 

 

 

 

17

Спорттук клубдарды жана жаштар иш чарасын колдоолорго-700,0 миң, Кокбору оюндарын откорууго -100,0 мин сом.

800,0

Мэрия

Жыл ичинде

Спортчуларга ынгайлуу шарт тузулот

Абдыкаар  уулу Н

Спорттук клубдарды жана жаштар иш чарасын колдоолорго жана Кокбору оюндарын откорууго -610740 сом жумшалды.

 

 

Бардыгы:

800,0

 

 

 

 

 

 

VI

БИЛИМ БЕРУУ

 

 

 

 

 

 

 

18

В. Д. Линский атындагы Ынтымак орто мектебинин спорт залын толугу менен буткорууго

13000,0

Мэрия

Жыл ичинде

Мектеп  окуучуларына  ынгайлуу  шарт  тузулот

Б.Амадалиев Н.Адыкаар уулу 

В. Д. Линский атындагы Ынтымак орто мектебинин спорт залына 9735000 сом которулду

 

19

Ак-Дөбө айылындагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинин астын асфальтоо

1223,0

Мэрия

Жыл ичинде

Шаардын инфраструктурасы көтөрүлөт жана жашоочуларга шарт түзулөт

 Мэрия менен биргеликте                     А. Асанов

Конкурс жарыяланган аткаруучулар катышпагандыктан мезигилинде аткарылган жок.

 

20

Устукан-Мамай, Актерек-Акдобо багыттары боюнча окуучуларды мектепке жетирууго

350,0

Мэрия

Жыл ичинде

Мектептеги  окуучуларга  ынгайлуу  шарт  тузулот

Н.Адыкаар уулу  Мектеп  директорлору

Аталган айылдарга окуучуларды жеткируу учун 348,0 мин сомго конкурс отуп келишим тузулуп аткарылып жатат.

 

21

Муниспалдык менчиктеги объектилерди экотехинспекциясынын койгон талаптарына ылайык келтирууго жана электр лабороториядан откорууго

300,0

Мэрия

Жыл ичинде

Мектептерди жана бала бакчаларын электр жарыгын узгултукко учуратпоосуна ынгайлуу шарт тузулот

Н.Адыкаар уулу  Мектеп  директорлору

Муниспалдык менчиктеги объектилерди экотехинспекциясынын койгон талаптарына ылайык келтирууго жана электр лабороториядан откорууго 154480 сом жумшалды.

 

22

Жалпы балдар бакчаларынын жыл ичиндеги дары-дармектер (медикамент) менен камсыз кылууга жана мектептерди балдар бакчаларын дезинфекциялоого

150,0

Мэрия

Жыл ичинде

Балдар  бакчаларындагы  балдарга  ынгайлуу  шарт  тузулот

Н.Адыкаар уулу 

Жалпы балдар бакчаларынын жыл ичиндеги дары-дармектер (медикамент) менен камсыз кылууга 128642 сом жумшалды.

 

23

Жалпы балдар бакчаларынын кир жуучу жана идиш аяктарды жуучу каражаттар менен камсыз кылууга

200,0

Мэрия

Жыл ичинде

Балдар  бакчаларындагы  балдарга  ынгайлуу  шарт  тузулот

Н.Адыкаар уулу 

Жалпы балдар бакчаларынын кир жуучу жана идиш аяктарды жуучу каражаттар менен камсыз болду.

 

24

Жалпы балдар бакчаларына текуший ремонт иштерине жана №3 "Бучур" балдар бакчасынын туалетин ондоого

1100,0

Мэрия

Жыл ичинде

Балдар  бакчаларындагы  балдарга  ынгайлуу  шарт  тузулот

Н.Адыкаар уулу 

Жалпы балдар бакчаларына текуший ремонт иштерине 951347 сомго келишим тузулуп аткарууга алынды.

 

25

№5 "Наристе" балдар бакчасына кошумча имаратына сатып алууга калган сумма.

500,0

Мэрия

Жыл ичинде

Балдар  бакчаларындагы  балдарга  ынгайлуу  шарт  тузулот

Н.Адыкаар уулу 

№5 "Наристе" балдар бакчасына кошумча имаратына 500000 сом которулуп берилди.

 

26

Жалпы билим беруу тармагынын муктаждыгын чечууго багытталган камсыздоолорду аткарууга.

1000,0

Мэрия

Жыл  ичинде

Жалпы билим беруу тармагына ынгайлуу шарт тузулот.

Н.Адыкаар уулу 

Жалпы билим беруу тармагынын муктаждыгын чечууго багытталган камсыздоолор аткарылды.

 

 

Бардыгы:

17823,0

 

 

 

 

 

 

 

ЖАЛПЫ:

31296,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Кербен шаардык Кеңешинин

башкы адиси

 

 

Б.Ыманбай уулу