Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 236

 

Айылдык Кеңештин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө

Айылдык Кенештин төрагасынын Айылдык Кеңештин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-планы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык Кеңештин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө коюлсун.

 

 

Төраганын орун  басары

 

М.Э.Темиралиева

 

 

Арал айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 236-токтомуна №1 тиркеме

 

Арал айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-чаралардын планы 

№

Аткаылуучу  иш-чаралардын  мазмуну

Аткаруу  мөөнөтү

Аткарууга  жооптуулар

Эскертүү

1

2023-жылдын бюджетинин аткарылышын талдоо жана сессияга сунуштоо

2024-жылдын январь айы

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

2.

Арал айыл аймагынын 2023-жылга пландалган социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-пландын жана 2023-жылга белгиленген инвестициялык планын аткарылышын талдоо жана сессияга сунуштоо.

2024-жылдын январь -февраль айлары

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

3

Арал айыл аймагынын 2024-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-планын жана 2024-жылга белгиленген инвестициялык планын карап чыгуу жана сессияга бекитүүгө сунуштоо

 

2024-жылдын январь -февраль айлары

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

4

2023-жылга айыл өкмөтүнүн айыл чарба техникаларынын ижара акысынын толук төлөнүшүн камсыз кылуу жана жазгы айдап -себүү иштерине карата даярдыгы боюнча иш жүргүзүү

2024-жылдын март-апрель айлары

Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

5

2023-жылы башталган долбоорлордун аткарылышы боюнча маалыматты сессияга сунуштоо

2024-жылдын март-апрель айлары

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

6

Айыл аймагында айыл чарба техникаларынын ээлеринин мал багуучулардын элге кызмат көрсөтүүсүнүн наркын иштеп чыгуу жана Жалпы Элдик жыйынга, Айылдык Кеңештин сессиясына сунуштоо жана бекитүү

2024-жылдын март-апрель айлары

Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

7

Соц. контрактын негизинде иш алып баруу боюнча кайрылган жөлөк пул алуучулардын долбоорлору менен таанышуу жана Талас райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунуштоо

2024-жылдын май-июнь айлары

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

8

2023-жылы келген даректүү жардамдардын бөлүштүрүлүшү жана жеткирилиши боюнча мониторинг жасоо жана сессияга сунуштоо

2024-жылдын май-июнь айлары

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

9

Айыл тургундарынын ирригация мезгилиндеги көйгөйлүу маселелери боюнча жеринде талдоо иштерин жүргүзүү жана сессияга сунуштоо

2024-жылдын май-июнь айлары

Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

Жооптуу катчы

 

К.Ибраимова