ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
2024-жылдын 16-январы № 17/3
Чаувай айылдык кеңешинде Айыл аймагынын коэффициентин бекитүү жөнүндө
Чаувай айылдык Кеңешинин кезектеги 7- чакырылыш 17-сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чаувай айыл аймагында кыймылсыз мүлккө коюулуучу салыктык
коэффициент 2,0 болуп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189- статьясындагы калк жашаган пункттардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйымы киргизилсин. Жыйымдын өлчөмү 100 сомдон болуп белгиленсин.
3. Чаувай айыл аймагынын аймагында киргизилген жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын өз убагында өндүрүлүп,бюджеттин киреши бөлүгүнө чегерилишин жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын салык боюнча адиси Ю.Жээнбек уулуна жүктөлсүн.
Чаувай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Юсупов |