Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаувай айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги XVII сессиясы

 

2024-жылдын 16-январы № 17/3

“Чаувай -Кен” ЖЧКсынын генералдык  директору А.Эрмаматовдун 2024-жылдын 16-январындагы №1  арызын кароо жөнүндө

          Чаувай айылдык кеңешинин  кезектеги 16-сессиясы  күн тартибиндеги 4-маселе “Чаувай-Кен” жоопкерчилиги чектелген Коомунун башкы   директору А.Эрмаматовдун  16.01.2024-жылдагы №1 арызы боюнча маселени депутаттар  толугу менен талкуулап,”Жер мыйзамы”,”Ижарага берүү” жөнүндөгү мыйзамдарынын чегинде каралып

                                         Т О К Т О М      К  Ы Л  А  Т :

1.     Чаувай айылдык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен “Чаувай-Кен” ЖЧКсы катта көрсөтүлгөн,ижарага берилген төмөнкү  жер участкаларынын келишим мөөнөтү бүткөндүктөн,  кайрадан  келишим мөөнөттөрү 2033-жылдын 19-мартына чейин узартылсын.

Алар: Фабрика аянты-7,54 га

           АБКнын аянты – 3,7 га

           Даары сактоочу жайдын  аянты -2000м2.

           Күйүүчү майлар сактоочу жайдын аянты -6000м2

2. Чаувай айыл аймагынын айыл өкмөтү тийиштүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берсин.

 

 Чаувай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Юсупов