АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын
2024-жылдын 1-февралы № 239
Жаңы курулган күрөш залына жекеишкер, айылдын ардактуу атуулу Жусупбеков Майрамбек аксакалдын атын ыйгаруу жөнүндө
Айыл аймагына жаңы курулган күрөш залын курууга жер тилкесин берип демөөрчүлүк кылган жеке ишкер, айылдын ардактуу атуулу Жусупбеков Майрамбек аксакалдын атын ыйгаруу жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагында жаңы ачылган күрөш залы “Жусупбеков Майрамбек атындагы курөш залы” деп аталсын.
2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төраганын орун басары |
| М.Э.Темиралиева |