Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы N 455 токтомуна)
Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жана убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген социалдык маанилүү товарларга (мындан ары - товарлар) бааларды колдонуу тартибин аныктайт.
2. Товарлардын өзгөчөлүгүнө жараша жөнгө салуу методдору төмөнкүлөр аркылуу колдонулат:
1) максималдуу же минималдуу бааларды (тарифтерди) белгилөө;
2) белгиленген бааларды (тарифтерди) белгилөө;
3) бааларга (тарифтерге) максималдуу же минималдуу соода үстөктөрүн белгилөө;
4) чарбакер субъекттер жана (же) мамлекеттик органдардын ортосунда макулдашууларды түзүү аркылуу бааларды (тарифтерди) белгилөө.
Максималдуу же минималдуу бааларды белгилөө сыяктуу жөнгө салуу методдорун колдонууда белгиленген баалар товарларга дүң жана чекене бааларды жөнгө салуу жүзөгө ашырылат.
Чарбакер субъекттер жана/же мамлекеттик органдардын ортосунда макулдашуу түзүү жолу менен бааларды (тарифтерди) белгилөө "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Бул Тартипте "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
өндүрүүчү - социалдык маанилүү товарларды өндүргөн чарбакер субъект же жеке ишкер;
импорттоочу - социалдык маанилүү товарларды чет өлкөдөн сатып алган жана кийин сатуу үчүн аларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келген чарбакер субъект же жеке ишкер;
калькуляция - экономикалык негизделген бааларды аныктоо үчүн аны өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын беренелерин жана болжолдонгон пайданы чагылдырган товардын бирдигинин наркы;
ортомчу - максаты соода операцияларын жасоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдөн турган, өндүрүүчүнүн, импорттоочунун жана керектөөчүнүн ортосундагы товарды сатуу системасында чарбакер субъект же жеке ишкер;
товардык коштоочу документтер - товарлардын кыймылынын бардык жолдорунда товарлардын партиясын идентификациялоо үчүн зарыл жана жетиштүү маалыматты камтыган документтер.
4. Республикадагы жана региондордогу социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде чекене бааларга мониторингди жума сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жүргүзөт.
Мониторинг ошондой эле монополияга каршы орган тарабынан ушул Тартиптин сакталышы үчүн контролду жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт жана текшерүү болуп саналбайт.
Мониторинг социалдык маанилүү товарларга бааларды жөнгө салуунун натыйжалуулугун баалоо максатында соода объекттерден маалыматтарды туруктуу түрдө фото жана видео тартуу (жаздыруу) аркылуу чогултуу, социалдык маанилүү товарларды сатуу пункттарында түздөн-түз бааларды көрсөтүү менен актыларды түзүү аркылуу жүргүзүлөт.
Жалпыланган мониторинг монополияга каршы органга берилет.
2-глава. Максималдуу дүң жана/же чекене бааларды, бааларга минималдуу жана максималдуу үстөктү белгилөө үчүн документтерди (эсеп материалдарын) берүү тартиби жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө Кыргыз Республикасынын баа түзүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, рыноктун катышуучулары тарабынан максималдуу дүң жана/же чекене бааларды, бааларга минималдуу жана максималдуу үстөктү аныктоо үчүн маалыматты (эсеп материалдарын) мамлекеттик монополияга каршы органга берет.
6. Максималдуу дүң жана/же чекене бааларды белгилөө үчүн өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу тарабынан бааларга максималдуу (минималдуу) дүң жана чекене үстөктү белгилөө үчүн дүң уюмдар жана чекене соода уюмдары тарабынан төмөнкү материалдар берилүүгө тийиш:
1) коштоочу кат (эркин формада);
2) бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенге чейинки квартал үчүн товарды сатуу көлөмү жөнүндө жана бааны мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган мезгилде сатуунун күтүлүүчү көлөмү жөнүндө маалыматтар;
3) чыгымдардын беренелери боюнча чыгымдарды негиздеген товарды жана материалдарды өндүрүүнүн же жеткирүүнүн толук өздүк наркын эсептөө;
4) зарыл пайданын эсеби;
5) акыркы отчеттук мезгил (жыл) жана акыркы отчеттук дата үчүн статистикалык жана салыктык отчеттуулуктун тиркемелери менен бухгалтердик баланстын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
7. Жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу коюлууга жана субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон эсептик материалдар 1 нускада, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөрдө берилет.
8. Бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген социалдык маанилүү товарларга дүң бааларды жана/же чекене бааларды белгилөөдө монополияга каршы орган өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу тарабынан берилген, ушул Тартиптин 15, 16, 17-пункттарын эске алуу менен түзүлгөн эсептик материалдарды 10 жумуш күндүн ичинде карайт жана дүң жана/же чекене бааларды белгилөө жөнүндө чечимди кабыл алат.
Эгерде өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу тарабынан ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган документтерди берүүдө пакет толук эмес берилген же документти берүүдөн баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде жана монополияга каршы орган тарабынан жүргүзүлгөн товардык рыноктордогу кырдаалды актуалдаштырылган талдоонун (мониторинг) негизинде монополияга каршы орган бааны белгилөө жөнүндө чечимди кабыл алат.
9. Берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти өндүрүүчүнүн, импорттоочунун же ортомчунун жетекчиси тартат.
10. Монополияга каршы орган тарабынан максималдуу дүң жана/же чекене баалар белгиленген товарларды өндүрүүдө жана/же сатууда чыгымдардын беренеси өзгөргөн учурда өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу бааларды кайра карап чыгуу жөнүндө монополияга каршы органга кайрыла алат.
11. Өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу белгиленген бааларды кайра карап чыгуу жөнүндө арызды төмөнкү документтерди тиркөө менен монополияга каршы органга берет:
1) киргизилүүчү сунуштардын негиздүүлүгү боюнча түшүндүрмө кат; чыгымдардын беренелерин чечмелөө менен иш жүзүндөгү калькуляция;
2) келишимди түзүү датасына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада сатып алуулардын баасы;
3) финансылык-экономикалык иштин көрсөткүчтөрү.
12. Монополияга каршы орган белгиленген бааларды кайра карап чыгуу жөнүндө арызды 5 жумуш күндүн ичинде карайт жана дүң жана/же чекене бааларды белгилөө жөнүндө чечимди кабыл алат.
Эгерде арызда ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык талап кылынган документтер тиркелбесе, монополияга каршы орган 10 жумуш күндүн ичинде арыз берүүчүгө документтерди берүүнү сунуштайт. Арыз берүүчү көрсөтүлгөн мөөнөттө жетишпеген документтерди бербесе, монополияга каршы орган бааларды кайра карап чыгуудан баш тартат.