АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-январы № 104
Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Жийдебаевдин отчету жөнүндө.
Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашасынын негизинде жасаган иштери боюнча төрагасы Ж.Жийдебаевдин билдирүүсү угулуп, талкууланып Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Жийдебаевдин 2023-жыл ичинде жасаган иштери жана бюджетинин киреше-чыгашасы боюнча отчету “канаттандыраарлык” деп табылсын.
- Жайыт комитетинин отчетунун негизинде кызматтык ДЕЛИКА үлгүдөгү автоунаасынын сатылган акча каражатына УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа сатылып алынсын.
- Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М.Алиевге тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков