Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН     КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 12-январы № 104/1

 

Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Жийдебаевдин 2024-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга бюджетинин долбоору алымча –кошумчасы менен 2 208,9 (эки миллион эки жүз сегиз миң тогуз жүз) сом деп бекитилсин.
  1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине түшкөн каражаттарын толук өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Тутаевага тапшырылсын.
  1. Бюджетти өз багыты менен пайдалануу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Жийдебаевге милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Алиевге  тапшырылсын.

 

 

Төрага                                       А.Тыныбеков