Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН     КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 12-январы № 106

 

Ак-Дөбө айылдык аймагынын бюджетинде 2024-жылдын 1-январына калган эркин калдык  4954,8 (төрт миллион тогуз жүз элүү төрт миң сегиз жүз) сом акча каражаты жөнүндө.

 

            Ак-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү 2024-жылдын 1-январына калган эркин калдык 4954,8 (төрт миллион тогуз жүз элүү төрт миң сегиз жүз) сом жана  бала бакчалардын атайын эсеп счетунда-180629,75 (жүз сексен мин алты жүз жыйырма тогуз сом жетимиш беш тыйын) сом акча каражатын талкуулап Ак-Дөбө айылдык кенеши токтом кылат.

1.                  Тилекмат айылындагы А.Алтымышбаев атындагы мектептин короосун асфальтоого 466,4 (төрт жүз алтымыш алты миң төрт жүз) сом сметага ылайык бекитилсин.тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

2.                  К.Алымбаева мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызмат көрсөтүүсүнө-4,1 (төрт миң бир жүз) сом бекитилсин. тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

3.                  Ак-Дөбө айыл аймагындагы ачылыш аземдерине 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бекитилсин.

4.                  Тилекмат айылынын латокторуна 2000,0 (эки миллион ) сом сметага ылайык бекитилсин.тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

5.                  Тилекмат айылынын маданият үйүнүн күзгүсү 35,0 (отуз беш миң)сметага ылайык бекитилсин. Тендерде

6.                  Тилекмат айылынын боз үй сактаган контейнердин чатырын жабууга 138,6 (жүз отуз сегиз миң алты жүз) сом. сметага ылайык бекитилген.тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

7.                  Селсаяк иттерди атуу 20,0 (жыйырма миң) сом сметага ылайык бекитилсин.тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

8.                  Сметчик 45,0 ( кырк беш миң) сом сметага ылайык бекитилсин.тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

9.                  Көз карандысыз баалоо 28,0 (жыйырма сегиз миң) сом сметага ылайык бекитилсин.тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

10.               Мундуз айылынын балабакчасынын ремонту 101,7 ( жүз бир миң жети жүз) сом сметага ылайык бекитилсин.тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

11.               Баннер бала бакча «Бактылуу балалык» 5,7 (беш миң жети жүз) сом сметага ылайык бекитилсин.тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

12.               Мундуз бала бакчасынын жууркан, төшөктөрү 299,0 ( эки жүз токсон тогуз миң) сметага ылайык бекитилсин.тендер жарыяланып, жеңүүчү аныкталган.

13.               «Бактылуу балалык» балабакчанын  ремонт иштерине 25,5  (жыйырма беш миң беш жүз) сом сметага ылайык бекитилсин. Тендер жарыяланып,келишим түзүлгөн.

14.       Тилекмат айылынын жана Мундуз китепканасына 190,5 (жүз токсон миң беш жүз) сом акча каражаты сметага ылайык бекитилсин.

15.       Спорттук инвентарь алуу 74,1 (жетимиш төрт миң бир жүз) сом сметага ылайык бекитилсин.

16.       Айыл банк аркылуу лизингке алынган айыл чарба техникаларына которулуучу акча каражаты 584,1 (беш жүз сексен төрт миң бир жүз) сом бекитилсин.

17.       Ы.Сооронбаев мектебине акылдуу (интерактивный) доска 150,0 (жүз элүү миң) сомго бекитилсин.

18.        Ы.Сооронбаев мектебинин кире беришин жылууло жана  кол жуучу раковина орнотуу 161,5 (жүз алтымыш бир миң беш жүз) сом бекитилсин. 

19.       Аң-ϴстөн айылынын бала бакчасына кир жуучу машинага 100,0 (жүз миң) сом бекитилсин.

20.       Семинарларга 80,0 (сексен миң) сом бекитилсин.

21.       Бала бакча менен ҮДТ нын керектүү буюмдарын алып келүү чыгымдарына 50,0 (элүү миң) бекитилсин.

22.       Жашылдандыруу көрктөндүрүүгө- 145,6 (жүз кырк беш миң алты жүз) сом

23.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы М.Алиевге жана финансы - пландоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Баямановго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                             А.Тыныбеков