Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН     КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 12-январы № 107

 Ак-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Аккой” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Жийдебаевдин отчету

 

2023-жылга Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Аккой” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Жийдебаевдин отчету боюнча билдирүүсү угулуп, талкууланып Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.            Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Аккой” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Жийдебаевдин отчету “канаттандыраарлык” деп табылсын.  

2.            «Аккой» муниципалдык ишканасына тиешелүү  230 баш кой, 1 баш жылкысы жана мүлкү (Таш-Дөбө конушундагы сарай жана контейнер) менен «МТАА АГРО МТБ» муниципалдык ишканасына кошулгандыгы (дочернее) эске алынсын. 

3.             «Аккой» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча отчету мындан аары «МТАА АГРО МТБ» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Абдиевге  жүктөлөт. 

4.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.Алиевге милдеттендирилсин. 

Төрага

А.Тыныбеков

Төрага                                       А.Тыныбеков