АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-январы № 111
Атуулдардын ысымдары ыйгарылган социалдык
мекеме жана көчөлөр жөнүндө.
Ак-Дөбө айыл аймагындагы социалдык мекемелерге, айыл ичиндеги көчөлөргө ысымы ыйгарылган адамдардын өзүлөрү же жакындары токтомдордо көрсөтүлгөн жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу үчүн салым кошпогондуктары жөнүндө айылдык кенешинин депутаттарынын билдирүүлөрү угулуп, талкууланып Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Дөбө айыл аймагындагы социалдык мекемелерге, айыл ичиндеги көчөлөргө ысымы ыйгарылган адамдардын жакындары токтомдордо көрсөтүлгөн жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана башка иштерин аткарбай жаткандыгы эске алынсын.
2. Ак-Дөбө айыл аймагындагы социалдык мекемелерге, айыл ичиндеги көчөлөргө ысымы ыйгарылган адамдардын жакындары токтомдордо көрсөтүлгөн жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн салым кошуп туруу жагы ар бир ысымы ыйгарылган адамдардын жакындарына эскертилсин.
3. Ысымы ыйгарылган адамдардын жакындары эскертилген күндө да өзүлөрүнө тиешелүү мекеме же көчөгө жылына бир жолу салым кошпосо, ысымын ыйгаруу боюнча токтомдору жокко чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын Ак-Дөбө, Мундуз, Аң-ϴстөн, Тилекмат айылынын айыл башчыларына жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Алиевге милдеттендирилсин.
Төрага А.Тыныбеков