АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-январы № 112
Айыл аралык көчөлөрдүн жээгиндеги арыктарда, ички жана тышкы ирригацияда тигилип өсүп жаткан тал-теректерди жулдуруу жөнүндө
Ак-Дөбө айыл аймагындагы айыл аралык көчөлөрдүн жээгиндеги арыктарда, ички жана тышкы ирригацияда тигилип өсүп жаткан тал-теректерди жулдуруу жөнүндө айылдык кенешинин депутаты У.Казакбаевдин билдирүүсүн угулуп, талкуулап Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Дөбө айыл аймагындагы айыл аралык көчөлөрдүн жээгиндеги арыктарда, ички жана тышкы ирригацияда тигилип өсүп жаткан тал-теректерди жулдуруу боюнча сунуш колдоого алынсын.
2. Айыл аралык көчөлөрдүн жээгиндеги арыктарда өсүп турган тал-теректерди алдыруу жана инфраструктурага тоскоолдук жараткан курулуштарды жана курулган сарайларды жылдыруу боюнча айыл тургундарына эскертилсин.
3. Ички жана тышкы ирригацияда тигилип өсүп жаткан тал-теректер жер айдоо, эгин чабуу учурунда техникаларга тоскоолдук жаратып жатканы эске алынсын жана жер ээлерине тал-теректерди жулдуруу эскертилип, жулдурулсун.
4. Токтомдун аткарылышын Ак-Дөбө, Мундуз, Аң-ϴстөн, Тилекмат айылынын айыл башчыларына жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Алиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Тыныбеков
|