Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН     КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 12-январы № 113

          Ɵзгөчө корголуучу жашылдандырууга берилген жер тилкеси жөнүндө

 

Ак-Дөбө айыл аймагындагы Таш-Дөбө участкасындагы кунарсыз жер тилкесин жашылдандырууга деп берилген 20 га жерге долбоордун негизинде “БИО парк” курулуп, көчөттөр тигилгендиктен долбоордун жетекчиси Т.Темирбековдун билдирүүсү  угулуп, талкууланып  Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.               Ак-Дөбө айыл аймагындагы Таш-Дөбө участкасындагы кунарсыз жер тилкесин жашылдандырууга деп берилген 20 га жерге долбоордун негизинде “БИО парк” түзүлгөнү эске алынсын.

2.               Түзүлгөн “БИО парк” айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

3.               Таш-Дөбө участкасындагы кунарсыз жер тилкесине долбоордун негизинде курулган  “БИО паркты” мындан ары карап жана көзөмөлгө алуу долбоордун жетекчиси Т.Темирбековдунсунушу колдоого алынсын.

4.               “БИО паркты” мындан ары  көрктөндүрүү, жашылдандыруу жагын карап жана көзөмөлгө алуу долбоордун жетекчиси Т.Темирбековго милдеттендирилсин.

 

5.               Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Алиевге милдеттендирилсин. 

Төрага                                       А.Тыныбеков