Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 18-январы № 114

 

«М-Групп» жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу Ак-Дѳбѳ айыл аймагына курула турчу  кыш заводу жѳнүндѳ

 

             «М-Групп» жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу Ак-Дѳбѳ айыл аймагына кыш заводу курулмай болду. «М-Групп» жоопкерчилиги чектелген коому менен    Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде, Тилекмат, Ак-Дѳбѳ, Мундуз, Аң-Ѳстѳн айылдарынын элдери менен болгон  жыйынды эске алуу менен социалдык пакеттер боюнча коомдун президенти М.Жунусованын билдирүсү  угулуп, талкууланып айылдык кенеш токтом кылат:

1.            «М-Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Жунусова Мээрим Маратовна менен Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясы ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде, кыш завод түшүүчү жер Ак-Дѳбѳ айыл аймагында жайгашкандыгын жана айыл аймактын жайыт жери экенин эске алып, социалдык маселелерин чечүүгө келишимде каралган социалдык пакет  Тилекмат,  Ак-Дѳбѳ, Мундуз, Аң-Ѳстѳн айылдарынын туруктуу жашаган тургундарына берилсин.

2.            Берилүүчү социалдык пакет 50,0 (элүү миң) АКШ доллары жана жылына 500,0 (беш жүз миң) даана кыш нарк баасында деп  бекитилсин.

3.            Социалдык пакетте каралган  50,0 (элүү миң) АКШ доллар  акча каражаты жана нарк баасында  берилүүчү 500,0 (беш жүз миң) даана кыш Тилекмат, Ак-Дѳбѳ, Мундуз,             Аң-Ѳстѳн айылдарына гана тиешелүү деп табылсын.

4.            «М-Групп» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан иш башталганда 30,0 (отуз миң) АКШ доллары жана 200,0 (эки жүз миң) кыш нарк баасында социалдык пакет Тилекмат, Ак-Дѳбѳ, Мундуз, Аң-Ѳстѳн айылдарына берилсин.  Калган 20,0 (жыйырма миң) АКШ доллары менен нарк баасында  берилүүчү  500,0 (беш жүз миң) даанага чейин кыштын көлөмү ѳндүрүштүн өсүшү менен берилери эске алынсын.

5.            Курула турчу кыш заводуна Тилекмат айылы жакын жайгашкандыгын эске алуу менен жана калкынын санына жараша социалдык пакеттин Тилекмат айылына -50 пайыз, Ак-Дѳбѳ айылына -20 пайыз, Аң-Ѳстѳн айылына – 20 пайыз, Мундуз айылына – 10 пайыз өлчөмдө бөлүнсүн.            

6.            Социалдык пакетти ишке ашыруу Тилекмат, Ак-Дѳбѳ, Мундуз, Аң-Ѳстѳн айылдарынын айыл башчыларына жүктөлсүн.

7.            Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага   А.Тыныбеков