Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 38-сессиясынын

 

2024-жылдын 12-январы № 40

Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылындагы №992 контурдагы жеке турак жай жайгашкан жер тилкени трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомунун жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун  негизинде Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомунун жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, №992 контурундагы 0,15 га жер тилкесине салынган жеке турак үйү, Түргөн суусунун жээгинен 25 метр алыс аралыкта болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы  №271 токтомунун “Кыргыз Республикасынын суу коргоочу зоналар жана суу обьект тилкелери тууралуу”  5-главасынын 23-пунктуна таянып, 2023-жылдын 06-апрелиндеги №17/а айылдык кеңешинин токтомунун  негизинде трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл өкмөт башчысы Э. Торогелдиевке  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                   Алымжан уулу Исламбек