Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 39-сессиясынын

 

2024-жылдын 25-январы № 44

Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн кабыл алуу жөнүндө

                                                                                

Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :

1.Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпы 26 463 200 (жыйырма алты миллион төрт жүз алтымыш үч миң эки жүз) сом өлчөмүндө кабыл алынсын.

2.Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасы 12 475 100 (он эки миллион төрт жүз жетимиш беш миң бир жүз) сом өлчөмүндө, теңдештирүүчү грант 13 067 000 (он үч  миллион алтымыш жети миң) сом өлчөмүндө жана 2023-жылдын калдык акча каражаты боюнча 921 100  (тогуз жүз жыйырма бир миң бир жүз) сом өлчөмүндө, тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы-Бекеш уулу Болотко жана айыл өкмөт башчысы-Э. Торогелдиевке милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                   Алымжан уулу Исламбек