Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 39-сессиясынын

 

2024-жылдын 25-январы № 46

Ак-Булуң айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын тургуну маркум Муктар Тулебаевдин атын, Ак-Булак айылындагы аты жок көчөгө ыйгаруу жөнүндө

 

Ак-Булак айылынын тургуну Түлөбаев Аскатбектин кайрылуусун жана Ак-Булак айылынын тургундарынын жыйынынын протоколун карап чыгып жана талкуулап, Ак-Булак сегиз жылдык орто мектебинде математика жана кол эмгек мугалими болуп эмгек жолун баштаган, 1988-жылы Ак-Булак орто мектебинде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп, 1989-жылы окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 1990-жылы Ак-Булуң айылдык кеңешинин жооптуу катчысы жана депутаты болуп эмгектенген. Эмгек жолунда Кыргыз ССРнин элге билим берүү министрлигинен, Областык, райондук элге билим берүү тарабынан жана Профсоюз уюмунан ардак грамоталарын алган. 1989-жылы  «Кыргыз ССРинин элге билим берүү отличниги» наамы ыйгарылган. 1984-жылы Кыргызстан коммунистик партиянын мүчөсү болгон Муктар агайдын коомдук иштерге кошкон салымын, жаш муундарга берген билим-тарбиясын, эмгегин баалап

Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Булак айылындагы жаңы ачылган аты жок көчөгө, Муктар Түлөбаевдин  аты ыйгарылсын.

2.Аталган көчөнүн жыл сайын оңдоп-түзөө иштери, Муктар Тулөбаевдин  балдарына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл өкмөт башчысы Э. Торогелдиевке тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                   Алымжан уулу Исламбек