ТЕПКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тепке айылдык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 1
Тепке айыл аймагынын айыл өкмөтунүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Тепке айыл аймагынын айыл өкмөтунүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамын жетекчиликке алып, Тепке айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тепке айыл аймагынын айыл өкмөтунүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2024-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы бөлүмүнөн келүүчү теңдөөчү гранттын кыскаргандыгына байланыштуу аны эске алуу менен 12277,0 миң сом көлөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
3. Жергиликтүү бюджеттен жана Республикалык бюджеттен мекемелердин 2024-жылга чектелген жалпы каржылануучу чыгымдардын көлөмү 5641,5 миӊ сом өлчөмүндө №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркелет)
4. Салык агенттигинен түшкөн подоходдук салык, транспорт салыгы, патенттик негизден алынуучу салык, айыл чарба жерлеринин салыгы, жердин ижара салыгы, айыл чарба багытындагы эмес жерден түшкөн салыктардан жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү 6635,5 миӊ сом №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркелет).
5. Айыл өкмөтү дотацияда отругандыгына байланыштуу тиешелүү жогорку органдардан кошумча акча каражаты суралсын.
6. 2024-жыл ичинде Тепке айыл өкмөтунө каралган акча каражатын толук аткарууга багытталган иш чараларды үзгүлтүксүз түрдө ишке ашыруу жагы Тепке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Раевке жүктөлсүн.
Төрайым М. Сеиталиева