Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тепке айылдык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

2024-жылдын 26-январы № 2

Тепке айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата Тепке айыл аймагынын бюджетинде калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

         Тепке айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамын жетекчиликке алып, Тепке айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.            2024-жылдын 1-январына карата Тепке айыл аймагынын бюджетинде 743,0миӊ сом жана атайын эсептен 52,5миӊ сом акча каражаты калгандыгына байланыштуу, сметага ылайык төмөндөгүдөй бөлүмдөргө чыгымдоо менен бекитилсин:

Бөлүм 70111 “АУП”;     - 743,0 миӊ сом

- статья 3111 “биргелешип каржылоо”                                            -  743,0 миӊ сом,

Атайын каражат

            Бөлүм 70911 “Мээрим” бала бакчасы

-        статья 22181100 “тамак аш сатып алуу”     - 1,6 миӊ сом,

Бөлүм 70911 “Ай-Луна-Муун” бала бакчасы

-        статья 22181100 “тамак аш сатып алуу”     - 50,9 миӊ сом.

 

Баардыгы жалпысынан 795,5 миӊ сом 

 

2. 2024-жыл ичинде Тепке айыл өкмөтунө каралган акча каражатын толук аткарууга багытталган иш чараларды үзгүлтүксүз түрдө ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин. 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Раевке жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым                                                                       М. Сеиталиева