КӨК - МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын
2024-жылдын 06-февралы № 5
“Фортис Кей Джи” жоопкерчилиги чектелген коомунун арызы жөнүндө
“Фортис Кей Джи” жоопкерчилиги чектелген коомунун күн нурунан электр энергиясын алуу үчүн электр станциясын курууга ижарага алган жерине баруучу жолду оңдоп ,асфальттоого уруксат берүү боюнча кайрылган арызын карап чыгып, Кɵк-Мойнок айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси Кадырбаев Болотбектин билдирүүсүн жана Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Кɵк-Мойнок -1 айылындагы №1273 контурдагы “Кара-Талаа” участкасындагы кыштоо, жайлоого кетүүчү жолдун 1 чакырым жерине “Фортис Кей Джи” жоопкерчилиги чектелген коомуна асфальт тɵшɵп, оңдоо, түздөө иштерин жүргүзүүгɵ макулдук берилсин.
2. “Фортис Кей Джи” жоопкерчилиги чектелген коому менен жолду оңдоо, асфальттоо боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага С. Д. Байбосунов