Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК - МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын

2024-жылдын 08-февралы № 8                  

           Көк-Мойнок-1 айылындагы эски мектептин имаратын жокко чыгаруу жөнүндө         

            Көк-Мойнок-1 айылынын тургундары Нарынбаев Сейтектин, Жээналы уулу Айылчынын, Турдумамбетов Алмаздын жана Сасыков Жекшеналынын  арыздарын карап чыгып,  Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 8-февральдагы №16 буйруктун негизинде түзүлгөн комиссиянын 8-февраль 2024-жылдагы актысына ылайык, Көк-Мойнок айыл ймагынын  айылдык  Кеӊешинин депутаттарынын  сөздөрүн угуп  жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын  айылдык Кеӊеши       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу  Көк-Мойнок-1 айылындагы 1965-жылы курулган эски мектептин   имараты   жараксыз абалда болгондуктан  Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн балансынан жокко чыгарууга макулдук берилсин. 

2.     Мектептин ээлеп турган  жер аянтынын  пайдалануу боюнча максаттык багытын  өзгөртүүгө макулдук берилсин.

3.     Жер аянтынын пайдалануу боюнча максаттык багытын өзгөртүү Тон районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

4.   Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн балансынан жокко чыгаруу жана жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүү  боюнча  иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.                                                                                                                                                                                                                                   Төрага                                                                                                 С. Д. Байбосунов