Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы

 

2024-жылдын 01-февралы № 3

Тогуз-Булак айылдык маданият үйүнүн ремонтуна берилген курулуш материалдарын пайдалануу тууралуу

 

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап  Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши

 токтом кылат:

 

1.              Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылдык маданият үйүнүн чатырын алмаштырууга берилген курулуш материалдарынан шиферлери сатылып, түшкөн акча каражаты ошол эле маданият үйүнүн ремонтуна жумшалсын.

2.              Калган материалдары (стропила, рейка) Тогуз-Булак айылындагы сейил бактын коругунун пайдубалын курууда калып жасоого колдонулсун.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна, көзөмөлү  пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                  Б.Барыктабасов