Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы

2024-жылдын 01-февралы № 2

Тоң райондук өнүктүрүү  фондунан каржылоо үчүн 2024-жылдагы планына долбоорлорду сунуштоо тууралуу

 

Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши

                                           токтом кылат

 

1.              Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жасай турчу иш планына кирип жаткан төмөндөгү долбоорлор Тоң райондук өнүктүрүү  фондунун 2024-жылдагы планына каржылоо үчүн сунушталсын:

- Көл-Төр айылындагы Т.Ибраимкулов атындагы айылдык клубунун көрүү залына отургучтарды алуу - 408 000 (төрт жүз сегиз миң) сом;

- Тогуз-Булак айылындагы Т.Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ашканасына материалдарды жана идиш-аяктарды алууга - 334 840 (үч жүз отуз төрт миң сегиз жүз кырк) сом;

 

2.              Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна, көзөмөлү  пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын..

 

Төрага                                                                                                  Б.Барыктабасов