ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 22- сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 52
Чоң-Жаргылчак айылындагы медресе жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Чоң-Жаргылчак айылындагы медресени “Ынтымак маданий агартуу борбор уюму” Диний уюмуна өткөрүп берүүгө макулдук берүү боюнча Чоң-Жаргылчак айылынын имамы К.Базарбаевдин кайрылуусун карап, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 22 сессиясы токтом кылат:
1. Чоң-Жаргылчак айылындагы медресени “Ынтымак маданий агартуу борбор уюму” Диний уюмуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өткөрүп берүү-алуу боюнча келишимди жана иш кагаздарын даярдоо Чоң-Жаргылчак айылынын имамы К.Базарбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ургазиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
Төрага Т.Д.Кызалаков