ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 53
Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Б.Рыскуловдун кайрылуусу жөнүндө.
Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Б.Рыскуловдун заманбап боди камераларды алып берүү боюнча кайрылуусун карап, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 22 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 2 даана боди камераларды алып берүү үчүн Тамга АМБдө коомдук коопсуздук кызматынын милициянын ыйгарым өкүлдөрүнө 192 000 сом акча каражаты берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ургазиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
Төрага Т.Д.Кызалаков