ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 54
Айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси Туратбек уулу Нурландын кайрылуусу жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси Туратбек уулу Нурландын кайрылуусу карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 22 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагында жаз-күз мезгилдери ит атуу иш чарасына 100 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ургазиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
Төрага Т.Д.Кызалаков