Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 55

Жаңы келген  Автогрейдер техникасынын техникалык башкаруу тартибин кароо жана тарифин бекитүү, чектөө  коюу жөнүндө

       “Айыл өкмөтүнө жаңы келген  Автогрейдер техникасынын техникалык башкаруу тартибин кароо жана тарифин бекитүү, чектөө коюу  максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 22- сессиясы токтом кылат

1.               Автогрейдер техникасы жайыт комитетинин карамагына берилип иштөө тарифи  бекитилсин:

-       Жеке менчик жумуштарга (1 саат)- 10 000 сом 45 л. майы менен.

-       Планировка жумушу – 2000 сом 45 л.майы менен.

-       Муктаждыкка жараша жумуштар 1 саатка (Жаргылчак айыл аймагында)– 2000сом 45 л. майы менен бааланат.

2.  Тосор айылы менен Кызыл-Суу айылынын аймагынан сырткары чыгууга чектөө коюлсун.

3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиева тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ургазиевге  милдеттендирилсин.

 Төрага                                                                                                     Т.Кызалаков