ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 56
Жайыт комитетинин төрагасы Саалы уулу Мирбектин кайрылуусу жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы Саалы уулу Мирбектин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 22- сессиясы токтом кылат
1. Жайыт комитетинин техникаларын оңдоого тетиктерин сатып алууга 300 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.Д.Кызалаков