ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 60
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга бюджетин жана 2024-2025 жылга долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Ишебаевтин билдирүүсүн угуп жана айылдык кенештин финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен талкуулап Жаргылчак айыл кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаргылчак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ишебаев Нурбектин айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин аткарылышынын билдирүүсү эске алынсын.
2.Кыргыз республикасынын финансы министрлиги тарабынан 2024-жылга берилген долбоорду талкуулап,айыл өкмөтүнүн расчеторунун негизинде жалпы киреше бөлүгү 39 824, 1 миң сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.2024-жылга Жаргылчак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер 39 824,1 миң сом жана чыгымдар 39 824,1 миң сом көлөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары кирешелери 916,7 миң сом жана чыгымдар 916,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2025-жылга бюджеттик долбоору №3 тиркемеге ылайык 40184,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2026-жылга бюджеттик долбоору №3тиркемеге ылайык 40363,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Жергиликтүү бюджетке 2024-жылга жайыт акысынан келип түшүүчү киреше жана чыгашалар № 4 тиркемеге ылайык 300,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8.Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлеринин 22 штат бирдиги 9 102,4 миң сом айлык акы даана 1 137,3 миң сом соц.фондусу менен бекитилсин.
9. Айылдык кеңештин төрагасына бир жолку төлөнүүчү жөлөк пул эмгек акысы жыл ичинде өткөргөн он сессияга 6500 сом жана соцфондго 1120 сом өлчөмүндө жана 2019 жылдын 8-августунун №115 мыйзамынын негизинде бир штаттык бирдиги айылдык кенештерге жоопту катчы жылдык эмгек акысы 434,7 миң сомдон ,соц фондусу 53,6 миң сомдон бекитилсин.
10.Спорт оюндарына 330,0 миң сом жана жыл ичинде майрам күндөрүнө 845,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Жеңиш айылындагы суу сактагычын куруудагы кете турган иш-кагаздарын даярдоого 2 500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Ак-Терек, Жеңиш , Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылындардагы ички жолдорду оңдоо үчүн күйүчү майларды жана эмгек акыларына 1878,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
13. Жаргылчак айыл аймагындагы көчө жарыктарын оңдоп түзөө үчүн жана электр столбаларын жаңылатууга, трансформаторлорду алмаштырууга 2 317,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
14. Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар мектебин «Түрткү берүүчү грант» аркылуу оңдоп түзөө үчүн өздүк салым 1936,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
15. Жаргылчак айыл өкмөтунун айылдарындагы ирригациялык жумуштары үчүн шлюздарды оңдоо, арыктарды тазалоого, айыл ичиндеги көпүрөлөрдү салуу үчүн 1918,4 миң сом өлчөмүндө бекитилип берилсин.
16. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза сууларды оңдоо трубаларын алуу (ПВХ труба), тундурма көлмөлөрдү (резервуар) жасоо үчүн 2 737,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
17. Чоң-Жаргылчак орто мектебине ноутбук алуу үчүн 450,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
18. Өзгөчө кырдаалдар үчүн 100,0 миң сом өлчөмундө бекитилсин.
19. Айыл өкмөтүндө жардамга муктаж адамдарга 612,4 миң сом өлчөмундө бекитилсин.
20. Айыл өкмөтундө убактылуу эмгек келишими менен иштеген машыктууручуларга жана сатып алуулар боюнча келишимдин негизинде бир кызматкерге 225,1 миң сом, Ак-Терек айылы- 120,0 миң сом, Кичи-Жаргылчак айылы-150,0 миң сом, Жеңиш айылы-90,0 миң сом. Баардыгы-585,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
22. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу 190,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
23. Айыл өкмөтундөгү ОПЦ кызматкерлерине 2 даана боди камера алып берүү үчүн 192,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
24. Айыл өкмөтунун экскаваторун оңдоо үчүн 300,0 миң сом өлчөмундө бөлүнүп берилсин.
25. Айыл өкмөтүндөгү жолбун иттерди кыш жана күз мезгилдеринде атуу үчүн 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
26. Айыл өкмөтүнө караштуу «Тополёк» лагеринин долбоорун колдоо үчүн өздүк салым 867,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
27.Жергиликтүү бюджетке салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча нормативдик чегерүүлөрдүн 100 пайыз өлчөмү айыл аймактарына калтырылгандыктан менчиктин баардык түрлөрүндөгү ишканалардан, уюмдардын пайдасынан, атуулдардын кирешелеринен, юридикалык тараптардан алынуучу жер салыктардан, жерди кайра бөлүштүрүү фондусунан алынуучу ижара акыдан, жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү №2 тиркемеде көрсөтүлгөн.
28. 2023-жылы төлөнбөй калган карыздар 2024-жылдын бюджетинин эсебинен бюджет комитетинин макулдугу менен төлөнүп берилсин.
29. Айыл аймактын айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган кирешелердин жана жыл ичинде болуучу чыгымдардын иш-чаралары толук өз багытында, акча каражаты 200,0 миң сомдон жогору болсо айыл аймактын айыл кеңешинин токтомунун негизинде үзгүлтүксүз түрдө ишке ашыруу, айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
30. 2024-жылдын бюджетине түшкөн кирешелер биринчи кезекте корголгон беренелерди каржылоого жумшалсын.
31. Жергиликтүү бюджетке келип түшкөн атайын каражаттарын казынадан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын, казнадан тышкары пайдаланылган каражаттар болсо тиешелүү деңгээлде өндүрүлүп бюджетке алынышы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
32. Айылдык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат акчасы 100,0 миң сом көлөмүндө чектелсин.
33.2024-жылга бекитилген бюджеттин чыгымдар бөлүгү жыл ичинде муктаждыктарга карата кварталдан кварталга, статьядан статьяга , классификациядан классификацияга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу жана бюджет комитетинин макулдугу менен которууга мүмкүндүк берилсин.
34. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана депутаттардын бюджеттик туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
35. Токтом 2024-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
Төрага Т.Д.Кызалаков