Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2024-жылдын 12-февралы № 9

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан бѳлүнѳ

турган акча каражаты жѳнүндѳ

 

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан бѳлүнѳ турган акча каражаты тууралуу айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап чыгып, Тамга айылдык  кеңешинин XXVIII-чакырылышынын  кезектеги II-сессиясы 

токтом кылат

1. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан бѳлүнѳ турган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты Тамга айылдык маданият үйүнѳ компьютердик жабдыктарды жана “Шайыр апаларга” форма алып берүүгѳ бѳлүнүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигининрасмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоону  Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин алдындагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Тѳрага                                                                                                         А.А.Букаров