Арал айылдык Кеңешинин
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын
2024-жылдын 01-февралы № 244
Үмөт Молдо атындагы балдар бакчасынын тамак-ашына атайын каражат эсебиндеги ашкан каражатты кароо жөнүндө
Айыл аймагындагы Үмөт Молдо атындагы балдар бакчасынын тамак-ашына атайын каражат эсебиндеги ашкан каражатты кароо жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебиндеги 1,6( бир миң алты жүз) сом ашкан каражаты Үмөт Молдо атындагы балдар бакчасынын тамак-ашына бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбековичке жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| М.Э.Темиралиева |